ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Туш тараптын бардыгы, бүт дүнүйө жүзү, аалам. Мына биз төгөрөктүн төрт бурчунда эмнелер болун жатканын үйүбүздө отуруп гана уга беребиз (Убукеев). Төгөрөктүн төрт бурчун төрт айлана кыдыруу («Эр Төштүк»). Төгөрөктүн төрт бурчунан эл жыйнап, аш берүүгө камынат («Манас»).